Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Ливанды 3:1 эсебинде жеңип алды
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы жолдоштук беттеште Ливандын командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. Оюн 4-октябрда Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өттү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты
Билдирүүгө караганда, беттешти МинКаб төрагасы, Кыргыз футбол биримдигинин президенти Адылбек Касымалиев, ЖКтин спикери Марлен Мамталиев баштаган бийлик өкүлдөрү да көрүп, улуттук курамага күйөрмандык кылышты.
МинКаб төрагасы оюнду стадионго келген күйөрмандар менен биргеликте көрүшуп, футболдун жыйынтыгы боюнча- Кыргызстан Ливанды 3:1 эсебинде утуп алды.


