Google өзүнүн мыкты нейросайттарына акысыз кирүүгө чекит коёт

Google өзүнүн мыкты нейросайттарына акысыз кирүүгө чекит коёт

Google жеке аккаунттуу колдонуучуларга Gemini моделин колдонуу шарттарын өзгөртөт. 2026-жылдын 9-октябрынан тартып Google AI бөлүмүнө катталбаган колдонуучулар Gemini Flash и Gemini Pro моделдерине кире алышпайт. Акысыз кирүү Gemini Flash-Lite моделине гана мүмкүн болот.

"Биз сиздер колдонгон эсептөө ресурстарынын көлөмүн эске ала баштайбыз. Ал берилген суроолордун татаалдыгына, тандалган функцияларга жана Gemini жасалма интеллекти менен сүйлөшүүлөрдүн узактыгынан көз каранды. Лимиттер сиз апталык квотага жетмейинче ар бир 5 саат сайын эсептелип чыгарылып турулат. Google AI колдонуучуларынын лимити жогору. Эгер сиз алдыңкы моделдер менен функцияларды колдонсоңуз, мисалы сүрөт, видео, музыка, Pro моделин жана башкаларды, анда ресурстар батыраак сарп болот", -деп билдирет корпорациянын колдоо кызматы.

Катталбаган колдонуучулар үчүн өзгөрүүлөр бир топ эле билинет. 9-октябрга чейин аларга Flash-Lite, Flash и Pro жеткиликтүү болот, андан кийин бир гана Flash-Lite калат.

Компаниядан жеткиликтүу ар модель үчүн жүктөөңүн деңгээлин: төмөн, орточо, жогорку, тандап алууга болорлугун белгилешет. Деңгээл канчалык жогору болсо, модель ошончолук тапшырманын үстүндө жакшы иштейт жана суроолоого майда-чүйдөсүнө чейин жооп берет. Бирок ошону менен катар лимит батыраак түгөнөт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Кызыктуу

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда кызмат көрсөтүү тармагынын көлөмү 1,4 трлн сомдон ашты

Өлкөдө эт 17,3%, сүт азыктары 13% кымбаттады

Кыргызстанга Түркмөнбашы эл аралык деңиз портун пайдаланууда жеңилдиктер болору айтылды

Өлкөдө бензин 17,6%, дизель 24% кымбаттады

Жалал-Абадда 64 жаранга мыйзамсыз пенсия чегерилгени аныкталды