Бишкекте электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү
Бишкекте аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам электр энергиясын керектөө кескин көбөйдү. Бул тууралу "Биринчи радиого" "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсынын Бишкек электр тармактары ишканасынын башкы инженеринин орун басары Алмаз Кенесариев билдирди.
Кенесариевдин айтымында Бишкекке дагы төрт 110 киловольттук электро станция курулду.
"Бишкекте электр энергиясын колдонуучу кардарларыбыздын саны жылдан жылга көбөйүп жатат. Мындан улам электр энергиясына чыңалуулар байкалууда. Бул деген жаңы түшүп жаткан көп кабатуу үйлөрдүн, айрыкча Аалы Токомбаев көчөсүндө жаңы курулган үйлөр көп болгондуктан ал жакка эки даана электр станциясы курулуп бүттү", -деди Алмаз Кенесариев.