Милиция мал ээлерине кайрылуу жасады
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлерин мал жандыктарды жолдорго жакын жерде кароосуз калтырбоого, айдоочуларды жол эрежелерин так сактоого чакырды. Маалыматка ылайык, айрыкча кечки жана түнкү убактарда жолго чыгып кеткен мал жандыктар жол кырсыктарына себеп болушу мүмкүн.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы мал ээлери малдарын дайыма көзөмөлдөп, жолдон өткөрүүдө коопсуздукту камсыздашы керектигин айтат.
"Айдоочуларга ылдамдыкты сактоо, жолдо мал пайда болушу мүмкүн экенин эске алуу жана көрүү чектелген учурда өзгөчө этият болуу сунушталат", - деп айтылат маалыматта.