Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонд маалымдайт.

Маалым болгондой, 2020-жылдан тартып Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.

"Эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 430 суроо-талап жиберилген, 429 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди", - деп жазылат маалыматта.

Келишимдин алкагында Түркия Кыргыз Республикасынын 2 жаранына пенсия чектеди.

Ошондой эле Түштүк Кореяда расмий иштеп, эмгек акысынан пенсиялык төгүмдөрү кармалган 140 кыргызстандыкка бир жолку төлөм толугу менен берилген. Маалыматка ылайык, бүгүнкү күнгө карата Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан пенсиялык топтомолор боюнча бир жолку төлөм алуу үчүн 152 жаран кайрылган.

Мындан тышкары окуңуз

Аңчылык эрежесин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

Аңчылык эрежесин бузган жаранга 12 500 сом айып салынды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Чуңкурчак капчыгайында аңчылык эрежелерин бузган факты аныкталды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги кабарлады. Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын маалыматына ылайык, Чүй регионалдык башкармалыгынын инспекторлору рейд учурунда жарандын түнкүсүн тепловизор колдонуп аңчылык кылганын аныкташкан. Бул аңчылык жүргүзүүнүн белгиленген талаптарын бузуу болуп саналат. Факт боюнча административдик протокол

Ишкер Media
Мамлекеттик кызматкерлер үчүн сheck-up өткөрүү долбоору башталды

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн сheck-up өткөрүү долбоору башталды

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн (сheck-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Министр Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты. Долбоордун максаты өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү

Ишкер Media
Ошто 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда

Ошто 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда

Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт. Мектеп эки кабаттуу, үч блоктон турат. Анда окуучулар үчүн бардык шарттар каралган: предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы,

Ишкер Media
Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантрантова менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти. Билдирүүгө ылайык, жолугушуу 16-октябрда Москва шаарында өттү. Тараптар жарандардын укуктарын коргоодогу негизги маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Жолугушуунун эң маанилүү маселеси катары биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү

Ишкер Media