Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Кыргыз-орус акыйкатчылары укуктук жардам борборун түзүүнү сүйлөштү

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Яна Лантрантова менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, жолугушуу 16-октябрда Москва шаарында өттү.

Тараптар жарандардын укуктарын коргоодогу негизги маселелерди жана эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун эң маанилүү маселеси катары биргелешкен укуктук жардам борборун түзүү демилгеси болду. 

"Белгилей кетсек, КМШ айдыңында алгачкылардан болуп сунушталдып жаткан бул долбоор эки мамлекеттин жарандарынын укуктарын коргоо жана ыкчам чечүү үчүн бирдиктүү аянтча болууга багытталат. Борбордун натыйжалуу иштешин камсыз кылуу максатында тараптар Кыргызстандын жана Россиянын тиешелүү органдарынын катышуусунда биргелешкен жумушчу топ түзүү мүмкүнчүлүгүн карашты. Жумушчу топ борбордун ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктап, ыйгарым укуктарды бөлүштүрүп, жарандардын көйгөйлөрүн чечүүнүн макулдашылган механизмдерин иштеп чыгууга тийиш", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары алар өз өлкөлөрүндө коомдук кеңешчилерди жана жардамчыларды дайындоо маселесине да өзгөчө көңүл бурушту. 

Жамиля Жаманбаева менен Яна Лантратова мындан аркы кызматташтыкты бекемдөөгө даяр экендиктерин ырасташты. 

Жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу жарандар үчүн квалификациялуу юридикалык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана эки өлкөнүн жарандарынын укуктарын коргоонун туруктуу механизмдерин түзүүгө мүмкүндүк берет.

Мындан тышкары окуңуз

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн сheck-up өткөрүү долбоору башталды

Мамлекеттик кызматкерлер үчүн сheck-up өткөрүү долбоору башталды

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди профилактикалык медициналык текшерүүдөн (сheck-up) өткөрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирет. Министр Дамир Осмонов Бишкек шаарындагы № 6 Үй-бүлөлүк медицина борборуна барып, долбоордун алкагында түзүлгөн шарттар менен таанышты. Долбоордун максаты өнөкөт жугуштуу эмес ооруларды жана алардын өнүгүшүнө алып келүүчү

Ишкер Media
Ошто 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда

Ошто 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда

Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт. Мектеп эки кабаттуу, үч блоктон турат. Анда окуучулар үчүн бардык шарттар каралган: предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы,

Ишкер Media
Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда, Түштүк Кореяда иштеген Кыргыз жарандары пенсияга чыга алышат

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Социалдык фонд маалымдайт. Маалым болгондой, 2020-жылдан тартып Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген. "Эки өлкөнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 430 суроо-талап жиберилген,

Ишкер Media
Жалал-Абаддагы жолдун 4 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абаддагы жолдун 4 чакырым бөлүгүнө асфальт төшөлдү

Жалал-Абад облусундагы Комсомол – Барпы – Түрк-Абад унаажолуна асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу 19-октябрда Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдирди.  Маалыматка ылайык, аталган жолдун жалпы узундугу 5 чакырым 400 метрди түзөт. Учурда жолдун 4 чакырым бөлүгү төрт тилкелүү болуп, эки катмар асфальт толук төшөлүп бүттү. Калган бөлүгүндө асфальт төшөө иштери жүрүп

Ишкер Media