Азербайжандын төрайымы Сагиба Гафарова Кыргызстанга келди
Азербайжандын Милли Межлисинин төрайымы Сагиба Гафарова 18-октябрда Кыргызстанга расмий сапары менен келди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештен билдиришти.
Конокту "Манас" эл аралык аэропортунан төраганын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы баштаган депутаттар тосуп алышты.
Сапардын алкагында Сагиба Гафарова бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп, Түрк мамлекеттеринин парламенттик ассамблеясынын (ТүркПА) кезектеги жыйындарына катышуусу пландалган.