Ошто 109 млн сомго 150 орундуу мектеп курулууда
Ош облусунун Араван районундагы Сырт айылында 150 орундуу жаңы мектептин курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлады.
Маалым болгондой, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 109 миллион сомду түзөт.
Мектеп эки кабаттуу, үч блоктон турат. Анда окуучулар үчүн бардык шарттар каралган: предметтик кабинеттер, лаборатория, китепкана, ашкана, жыйындар залы, компьютердик класс жана спорт залы болот.
Учурда имараттын чатыры толук жабылып, ички шыбак иштери аяктады. Азыр ички жасалгалоо иштери жүрүп жатат.
Курулуштун сапатын Турак жай-жарандык курулуш департаменти көзөмөлдөөдө.