Ошто 980дей адамга иш бере турган өнөр жай комплекси курулууда
Ош шаарынын аймагында 69,76 гектар жер тилкесинде "Агро өнөр жай комплекси" курулууда. Бул тууралуу бүгүн Ош шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, комплекс 18 лотко бөлүнөт. Эт-сүт багытында мал багуу үчүн сарайларды жана эт-сүт азыктарын кайра иштетүүчү өнөр жай ишканаларын курууга фермердик чарбаларга жана ишкерлерге ижарага берилет.
Билдирүүгө караганда, долбоор ишке ашканда 980ден ашык адам туруктуу жумуш оруну менен камсыз болушат. Аталган комплексти ишке киргизүү үчүн 1 млрд сомдон ашык инвестиция тартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.