Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Садыр Жапаров “Мадина” базарына барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, жаңы “Мадина” базарына пландан тышкары баш багып, буга чейин соода жүргүзүү шарттарына жана соода орундарынан ажырап калуу коркунучуна тынчсыздануусун билдирген соодагерлер менен жолукту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Ишкерлер буга чейин өз кайрылууларын социалдык тармактарга жарыялашкан.

Жаңы базар курулуп жаткан жер тилкесине ээлик кылган ишкер долбоорду аягына чыгара албай калып, аны өз ыктыяры менен мамлекетке өткөрүп берген. Ошол эле учурда анын салган каражаты базар киреше бере баштагандан кийин этап-этабы менен кайтарылат. Учурда Президенттин Иш башкармалыгы базарды ачууга даярдык көрүү иштерин аяктап жатат.

Мамлекет башчысы жаңы базардагы соода түйүндөрүн көрүп чыкты. Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев объект өрт коопсуздугу жана санитардык талаптарга жооп берерин, ачууга даярдалып жатканын маалымдады.

Ишкерлер өздөрүн тынчсыздандырган маселелерди айтып, ижара акысын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну өтүнүштү. Алар көйгөйлөрүнө көңүл бурганы үчүн Президентке ыраазычылык билдиришти.

Андан соң Президент август айынын аягында өрт чыккан эски “Мадина” базарына барды. Ал жерде да соодагерлер менен баарлашып, жабыркагандарга компенсация эски “Мадина” базары жайгашкан жер тилкесинин ээсинин эсебинен төлөнөрү белгилүү болду.

Жаңы базардын администрациясынын маалыматына ылайык, соодагерлердин 90 пайызга жакыны жаңы соода орундарына көчүп барган.

Президент Садыр Жапаров Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Туманбаевге базарды ачууга даярдык көрүү боюнча бардык иштерди аяктоону, соодагерлер үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мамлекет башчысы ноябрь айынын башына чейин жаңы “Мадина” базары толугу менен ишке даяр болуп, штаттык режимде иштеши керектигин белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

MicroMentor: насаатчы тап — бизнесиңди өнүктүр!

Акысыз ментордук колдоо Кыргызстандын ишкерлерине дүйнө жүзүндөгү тажрыйбалуу адистер менен бирге чечимдерди табууга жана бизнесин өнүктүрүүгө жардам берет. Насаатчынын колдоосу менен бизнести өнүктүрүү - натыйжалуураак Ар бир ишкер көбүрөөк кардар тартууну, кирешесин көбөйтүүнү, жаңы рынокторго чыгууну жана өз идеясын туруктуу бизнеске айландырууну каалайт. Бирок бул жолдо көптөгөн суроолор жаралат: максаттуу аудиторияны

Ишкер Media
Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Аймактарда эмгек миграциясы боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Эмгек министрлиги бүгүн "Коопсуз миграция кербени" иш-чараларын Ысык-Көл жана Нарын облустарында өткөрдү. Министрликтин маалыматына караганда, ал жарандардын чет өлкөдө коопсуз эмгектенүү боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана алдамчылыкка жол бербөөгө багытталган. Иш-чаралардын жүрүшүндө жарандарга чет өлкөдө мыйзамдуу ишке орношуу, жеке иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин уруксат берүүчү

Ишкер Media
Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Эмгек министрлигинда адам укуктары боюнча маселе талкууланды

Бүгүн Эмгек министрлигинде Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Женевадагы башкармалыгынын адам укуктары боюнча кеңешчиси Игорь Гришко менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу мекемеден маалымдашты. Сүйлөшүүдө тараптар адам укуктары жаатындагы эки тараптуу кызматташуунун келечегин жана мындан аркы консультацияларга Министрликтин тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнүн катышуусун талкуулашты. Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өз

Ишкер Media
Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

Акча алмаштыруу бюросу жоопкерчиликке тартылды

КРнын мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн Улуттук банк акча алмаштыруу бюросун жоопко тартты. Улуттук банктын маалыматына ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан "Алтай Бекбай" ЖЧКнын алмашуу бюросу тийиштүү мыйзам бузуулары үчүн лицензиясынын аракети убактылуу токтотулду. Тактап айтканда, аталган бюронун иши 23-октябрдан тартып

Ишкер Media