Араванда 150 орундуу мектеп курулат

Араванда 150 орундуу мектеп курулат

Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Абад айылында 150 орундуу мектептин курулушу башталды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, Курулуш министрлигинин көзөмөлүндө ишке ашырылат.

Объекттин сметалык баасы 143 миллион сомду түзөт. Архитектуралык долбоорго ылайык, мектеп «А», «Б» жана «В» блокторунан турат. Анда эки кабаттуу окуу корпусу, жыйындар залы жана спорт залы каралган.

Мектептин жалпы аянты 1 630 чарчы метрди түзөт.Объекттин курулуш иштерин башкы подрядчы «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы аткарууда.

Учурда пайдубалын куруу үчүн арматура токуу иштери жүрүп жатат.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

16–19-октябрь күндөрү Румынияда "Stelele Informaticii 2026" эл аралык информатика олимпиадасы өттү. Мелдешке 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу катышты. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, аталган сынакка Кыргызстандын атынан 8 окуучу онлайн форматта, видеокөзөмөл астында катышты. Алардын ичинен 4 окуучу байгелүү орунга ээ болсо, бир окуучу Ардак грамотага татыды.

Ишкер Media
Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады. Бул тууралуу 22-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Билдирүүгө караганда, КРнын президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бүгүн стадиондун курулушунан кабар алды. Токсонбаев анда курулушутун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ишкер Media
ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна

Ишкер Media
Ошто LED-экрандар үчүн жер тилкелери аукционго коюлду

Ошто LED-экрандар үчүн жер тилкелери аукционго коюлду

Ош шаарында жарнамалык LED-экрандарды орнотуу үчүн муниципалдык жер тилкелерин бир жылга ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, жалпысынан 15 жер тилкеси сунушталып, алардын жылдык старттык баасы 53 миң 721 сомдон 3 миллион 217 миң 322 сомго чейин белгиленген. Аукционго коюлган жерлер С. Вахапов, Көкүм-Бий,

Ишкер Media