Бишкекте Орусиянын өнөр жай министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өттү

Бишкекте Орусиянын өнөр жай министрлигинин делегациясы менен жолугушуу өттү

21-октябрында Экономика министрлигинде Орусиянын өнөр жай жана соода министринин орун басары Роман Чекушов баштаган делегация менен жолугушуу болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымдалгандай, жолугушууга ЕЭКтин өнөр жай боюнча министри Гоар Барсегян жана кыргызстандык ишканалардын өкүлдөрү катышты.

Тараптар ЕАЭБ алкагында өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, өндүрүштүк байланыштарды кеңейтүү жана биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Өзгөчө ЕАЭБдеги өнөр жай долбоорлорун субсидиялоо механизмдери жана ага кыргыз ишканаларынын катышуусу каралды.

Кыргыз тарап кызматташтыкты кеңейтүүгө даяр экенин билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады. Бул тууралуу 22-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Билдирүүгө караганда, КРнын президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бүгүн стадиондун курулушунан кабар алды. Токсонбаев анда курулушутун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ишкер Media
ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна

Ишкер Media
Ошто LED-экрандар үчүн жер тилкелери аукционго коюлду

Ошто LED-экрандар үчүн жер тилкелери аукционго коюлду

Ош шаарында жарнамалык LED-экрандарды орнотуу үчүн муниципалдык жер тилкелерин бир жылга ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалымдалгандай, жалпысынан 15 жер тилкеси сунушталып, алардын жылдык старттык баасы 53 миң 721 сомдон 3 миллион 217 миң 322 сомго чейин белгиленген. Аукционго коюлган жерлер С. Вахапов, Көкүм-Бий,

Ишкер Media
Ноокатта курулуш талаптарын бузган компанияга айып салынды

Ноокатта курулуш талаптарын бузган компанияга айып салынды

Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл аймагында курулуп жаткан Ош электр тармактары ишканасынын имаратында курулуш талаптарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди. Маалым болгондой, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө кыш кыноо иштери долбоордук документтердин талаптарына ылайык аткарылбаганы жана пайдубалды курууда кемчиликтерге

Ишкер Media