Ошто LED-экрандар үчүн жер тилкелери аукционго коюлду
Ош шаарында жарнамалык LED-экрандарды орнотуу үчүн муниципалдык жер тилкелерин бир жылга ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлөт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымдалгандай, жалпысынан 15 жер тилкеси сунушталып, алардын жылдык старттык баасы 53 миң 721 сомдон 3 миллион 217 миң 322 сомго чейин белгиленген.
Эң кымбат лот Алымбек-Датка көчөсүндөгү борбордук аянтта жайгашкан. Анын аянты 279 чарчы метрди түзүп, LED-экрандын аянты 336 чарчы метр деп көрсөтүлгөн. Жылдык старттык баасы 3 миллион 217 миң 322 сомду түзөт.
Калган лоттордун жылдык старттык баасы экрандын аянтына жана жайгашкан жерине жараша 53 миң 721 сомдон 84 миң 552 сомго чейин белгиленген.
Катышуучулар лоттун старттык баасынын 10 пайызы өлчөмүндө кепилдик төгүм жана 0,5 пайызы өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөшү зарыл. Комиссиялык жыйым кайтарылбайт.
Аукцион "Ош шамы" гезитине кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин өткөрүлөт. Катышуу үчүн арыздар аукционго бир күн калганга чейин кабыл алынат.