Садыр Жапаров Манас шаарынын өнүгүүсү менен таанышты
Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүн Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарынын 2021-2026-жылдардагы өнүгүү жыйынтыктарын укту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, мамлекет башчысына аймактарда аткарылган иштер жана алдыдагы долбоорлор тууралуу маалымат берилип, алардын мындан аркы өнүгүүсүнө зарыл болгон каражаттар бөлүнөрү белгиленди.
Манас шаарында 2026-жылдын тогуз айында бүткөрүлгөн иштер:
• "Даңк" аллеясы, спорт зал, жаңы автобекет ачылды
• 9 айда 45 км жол асфальтталды, 9,8 км тротуар, 8 км жарыктандыруу орнотулду
• 4 мектеп жана "Акылман" лицейи берилди, дагы 5 мектеп жана 2 бала бакча курулууда5 200 орундуу спорт сарайы жана тарыхый музей курулууда
• "Жеңиш" паркы 525 млн сом жеке инвестицияга реконструкцияланып, "Манас Парк" болуп ачылды
• 22,5 га базар курулууда - 5 млрд сом инвестиция
• "Асман-Резиденс" ипотекалык үйлөрү: 7 жана 8-комплекс бүтүп, 1,2,3-те 1 224 батир берилди, дагы 5 320 батир курулууда.
Президент керектүү каражаттар бөлүнөрүн билдирди.