Ноокатта курулуш талаптарын бузган компанияга айып салынды

Ноокатта курулуш талаптарын бузган компанияга айып салынды

Ош облусунун Ноокат районундагы Көк-Жар айыл аймагында курулуп жаткан Ош электр тармактары ишканасынын имаратында курулуш талаптарынын бузулушу аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, министрликке караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Ош региондук башкармалыгы жүргүзгөн текшерүүдө кыш кыноо иштери долбоордук документтердин талаптарына ылайык аткарылбаганы жана пайдубалды курууда кемчиликтерге жол берилгени аныкталган.

Аныкталган мыйзам бузууларга байланыштуу "Сондер" ЖЧКсына 35 000 сом айып салынып, долбоордук талаптарга жооп бербеген кыш кыноо иштери буздурулду.

Мындан тышкары, пайдубалдын сапатына жана бекемдигине баа берүү үчүн Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунан техникалык корутунду алуу талап кылынгандыктан, курулуш иштери токтотулду.

Мындан тышкары окуңуз

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Чүйдө таштандыны белгиленбеген жерге төккөн айдоочу аныкталды

Аламүдүн районунун Виноградное айылында таштандыларды белгиленбеген жерге төккөн тарап жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн Жаратылыш ресурстары министрлигинен билдирди. Маалыматка ылайык, ИИМ кызматкерлиери менен биргеликте тиричилик таштандыларын белгиленбеген жерге төккөн КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын ээсинин өздүгү аныкталды. Аталган жаранга "Укук бузуулар жөнүндө" кодексине ылайык протокол түзүлүп, административдик жоопкерчиликке

Ишкер Media
Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

Кыргызстандык окуучулар эл аралык сынакта 4 медаль жеңип алышты

16–19-октябрь күндөрү Румынияда "Stelele Informaticii 2026" эл аралык информатика олимпиадасы өттү. Мелдешке 23 өлкөдөн 200дөн ашуун окуучу катышты. Агартуу министрлигинин маалыматына караганда, аталган сынакка Кыргызстандын атынан 8 окуучу онлайн форматта, видеокөзөмөл астында катышты. Алардын ичинен 4 окуучу байгелүү орунга ээ болсо, бир окуучу Ардак грамотага татыды.

Ишкер Media
Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткенде 10 миң кишилик стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады

Баткен шаарындагы 10 миң кишиге ылайыкталган стадиондун курулушу 80 пайыз аяктады. Бул тууралуу 22-октябрда Баткен облустук өкүлчүлүктөн билдиришти. Билдирүүгө караганда, КРнын президентинин Баткен облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев бүгүн стадиондун курулушунан кабар алды. Токсонбаев анда курулушутун сапатын дыкат көзөмөлдөө жана өз убагында бүткөрүү боюнча жетекчилерге тапшырмаларды берди.

Ишкер Media
ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

ИИМ жарандарды аккаунттарын коргоонун жолдорун айтты

Ички иштер министрлиги жарандарды интернеттеги аккаунттарын жана жеке маалыматтарын алдамчылардан коргоо үчүн эки факторлуу аутентификацияны күйгүзүүгө чакырат. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлайт. Маалыматка караганда, бул ыкма аккаунтка кирүүдө сыр сөздөн тышкары атайын тиркеме же бир жолку код аркылуу инсандыгын кошумча ырастоону талап кылат. Натыйжада сыр сөз башка адамдардын колуна

Ишкер Media