Агартуу министри Дүйнөлүк саммитте Кыргызстандын тажрыйбасын тааныштырды
Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева 22-октябрда Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн балдарга арналган Дүйнөлүк саммиттин пленардык жыйында баяндама жасады. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.
Министр анда Кыргызстандын билим берүү тармагындагы реформаларынын негизги багыттарын, анын ичинде мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү, "Алтын Казык" программасынын алкагында 12 жылдык мектептик билим берүүгө өтүү, педагогдордун квалификациясын жогорулатуу жана инклюзивдүү билим берүү чөйрөсүн түзүү маселелерин тааныштырды.
"Бала системага ылайыкташууга тийиш эмес, тескерисинче, система ар бир бала үчүн шарттарды түзүшү керек. Балдардын бакубаттуулугуна инвестиция салуу менен биз өлкөнүн жана келечек муундардын келечегине инвестиция салып жатабыз", - деп белгиледи Кендирбаева.