Өлкөдө бир аптада 10 миңден ашык адам КРВИ жана сасык тумоого кабылган
2026-жылдын 24-31-октябрында республика боюнча КРВИ жана сасык тумоо менен ооруган 10 432 учур катталган. Мындай маалыматты Саламаттык сактоо министрлигинен таратты.
Мурунку жумага салыштырмалуу ооругандардын саны 6,9%га, ал эми 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,5 эсеге өскөн.
Маалыматка ылайык, ооругандардын жалпы санынын 68,1%ын 14 жашка чейинки балдар түзөт (7 103 учур).
Лабораториялык мониторингдин маалыматтарына ылайык, республикада респиратордук вирустардын циркуляциясы уланууда.
Сасык тумоого каршы эмдөө
Сезондук сасык тумоонун алдын алуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан "Гриппол+" вакцинасынын 63 734 дозасы сатып алынган. Мындан тышкары, сасык тумоого каршы вакцинанын дагы 100 миң дозасы жеткирилери күтүлүүдө.
Учурда республиканын бардык аймактарында сасык тумоого каршы эмдөө уланууда. Биринчи кезекте төмөнкү тобокелдик тобуна кирген адамдар эмделүүдө:
- өнөкөт оорулары бар адамдар;
- 65 жаштан жогорку жарандар;
- кош бойлуу аялдар;
- тез-тез ооруган балдар;
- медициналык кызматкерлер.
Аталган жарандар үчүн эмдөө Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда акысыз жүргүзүлөт.