"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсында кадрдык өзгөрүү орун алды

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсында кадрдык өзгөрүү орун алды

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКсы мекемеде кадрдык өзгөрүүлөр орун алганын билдирди.

Маалыматка ылайык, директорлор кеңешинин чечими менен компаниянын башкы директору Ильгиз Сыдыгалиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду.

Ошондой эле компаниянын капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча башкы директорунун орун басары Искандер Адиев ээлеген кызматынан бошотулуп, анын ордуна Гулжигит Мурзакаримов дайындалды.

Директорлор кеңешинин төрагасы Жыргалбек Турускулов Мурзакаримовду эмгек жааматка тааныштырып жатып, анын алдында турган негизги милдеттерди белгиледи.

Алардын катарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, капиталдык курулуш иштерин өнүктүрүү, пландаштырылган иштердин өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу, ошондой эле инвестициялык ресурстарды натыйжалуу пайдалануу маселелери бар.

Мындан тышкары, өлкөнүн электр тармактарын модернизациялоого жана өнүктүрүүгө, электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга жана өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын чыңдоого багытталган долбоорлорду ишке ашыруу иштерин күчөтүү зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстандыктар 2027-жылды 7 күндүк эс алуу менен тосуп алышат

Айтматов районунда 41 өнөр жай, 44 социалдык объект курулду

Кыргыз-россия соода-экономикалык маселелери каралды

BAKAI карталары менен Кыргызстандын бардык кафе-ресторандарында 5% кешбэк алыңыз

Манас районунда 400 млн сомдук долбоор ишке ашырылат