Нарындагы үч айыл өкмөтүнө жаңы атайын техникалар тапшырылды
Бүгүн Нарын районундагы үч айыл өкмөтү жаңы атайын техникалар менен камсыз болду. Бул тууралуу облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк билдирди.
Маалыматка ылайык, Э. Дайракунов айыл өкмөтүнө "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунун эсебинен чиркегичи бар "FAW" үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (тонар-самосвал) тапшырылды.
Ал эми Чет-Нура айыл өкмөтүнө райондук өнүктүрүү фондунун эсебинен KASUN ST1304 көп функционалдуу айыл чарба техникасы берилди.
Миң-Булак айыл өкмөтү "Миң-Булак" өнүктүрүү фондунун эсебинен KASUN 1104 үлгүсүндөгү трактор менен камсыз болду.
Облус башчысы жаңы техникаларды айыл аймактарынын муктаждыктарына жараша натыйжалуу пайдалануу, техникалык абалын сактоо жана калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмаларды берди.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу