Кубакы ашуусунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилет
Кыргызстанда 2026-жылдын 5-ноябрынан тартып 2027-жылдын 1-апрелине чейин Кубакы ашуусу аркылуу оор жүк ташуучу унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлигинен маалымдашты.
Министрликтин буйругуна ылайык, жалпы салмагы 7 тоннадан ашкан жүк ташуучу унааларга "Көк-Мойнок - Кубакы - Кочкор" эл аралык маанидеги унаа жолунун айрым тилкелеринде каттоого тыюу салынат.
Чектөө киргизилген мезгилде оор жүк ташуучу унаалар үчүн альтернативдүү маршрут катары Балыкчы шаары аркылуу өткөн "Бишкек - Нарын - Торугарт" унаа жолу сунушталат.
Аталган чектөө жолдун коопсуздугун камсыздоо жана кышкы мезгилде унаалардын үзгүлтүксүз каттамын жөнгө салуу максатында киргизилүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу