Өзгөндө жол салган ишканага 200 миң сом айып салынды

Өзгөндө жол салган ишканага 200 миң сом айып салынды

Өзгөн районуна караштуу Жалпак-Таш айыл өкмөтүнүн Ата-Башат айылында асфальт төшөө иштери текшерилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, Ата-Башат айылындагы жолду капиталдык оңдоо жана асфальт төшөө иштеринин буйрутмачысы Жалпак-Таш айыл өкмөтү болуп саналат. Ал эми келишимдин негизинде подрядчы уюм катары "Толман" ЖЧКсы тартылган.
Жолдун жалпы узундугу 3,2 чакырымды түзүп, бүгүнкү күнгө карата 700 метрине асфальт төшөлгөн.

Текшерүүнүн жүрүшүндө төшөлгөн асфальт-бетондун сапатын аныктоо максатында андан керн үлгүлөрү алынып, лабораторияга жөнөтүлдү.

Ал эми текшерүүнүн жыйынтыгында "Толман" ЖЧКсына 200 000 сом айып пул салынып, аныкталган кемчиликтерди жоюу үчүн 10 күндүк мөөнөт берилди.

Жолдун сапаты тургундун арызынын негизинде текшерилген.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан - БАЭ соода-экономикалык байланыштарын кеңейтүү маселеси каралды

Министр Токтобаев Таластагы токой чарбасына барды

Казакстанга кирүүнүн электрондук уруксат алуу тартиби

Грузия парламентинин төрагасы Кыргызстанга келди

Таласта райондор жана облустар аралык автобус каттамдары уюштурулат