Манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон сый акы төлөп туруу сунушталууда

Манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон сый акы төлөп туруу сунушталууда

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып мамлекеттик колдоо системасына киргизилген манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон акчалай сый акы төлөө сунушталууда. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда айтылат.

Документтин негизги милдети — “Манас” эпосун сактоодо, өнүктүрүүдө жана кеңири жайылтууда өзүнчө орунду ээлеген манасчылыкты аркалаган өнөр ээлеринин “манасчы” статусун бекитүү, аларды камкордукка алуу үчүн материалдык дем берүү, ошондой эле алардын чыгармачылык, илимий, устаттык жана педагогикалык ишмердүүлүгүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү болуп саналат
Документке ылайык, сый акы конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн жана “Манасчы” статусуна ээ болгон адамдарга берилет. Белгиленген 62 миң сом - салыктар жана башка милдеттүү төлөмдөр кармалганга чейинки сумма.

Долбоордо манасчыларды тандоо үчүн Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдында эксперттик комиссия түзүү каралган. Комиссия талапкерлердин аткаруучулук, чыгармачылык, педагогикалык, устаттык, илимий жана агартуу ишмердүүлүгүн баалайт.

Алгачкы этапта 23 талапкерди акчалай сый акы төлөө системасына киргизүү пландалууда. Бул максатта 2027-жылга республикалык бюджеттен 20 млн 63 миң 820 сом бөлүү талап кылынат.

Ошондой эле “Кыргыз улуттук “Манас” театрынын” штаттык түзүмүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган. Анын алкагында 23 “артист-манасчы” штаттык бирдигинин ордуна театрдын чыгармачылык жана уюштуруучулук ишин камсыз кылган 18 кызмат ордун киргизүү каралган. Бул өзгөртүүлөрдүн натыйжасында эмгек акы фондунан 4 млн 918 миң сом үнөмдөө күтүлүүдө.

Токтом долбоору кабыл алынса, “Манасчы” статусун ыйгаруу, сый акы төлөө жана анын аткарылышын көзөмөлдөө иштери Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлмөкчү.

Мындай тажрыйба бир катар өлкөлөрдө жана аймактарда ийгиликтүү колдонулат. Мисалы, Саха Республикасында (Якутия) олонхо аткаруучуларына ай сайын 30 000 рубль өлчөмүндө стипендия төлөнөт, Калмыкия Республикасында — 2 000 АКШ доллары, Өзбекстан Республикасында бахши жана маком аткаруучуларына — 500 АКШ доллары, Кытай Эл Республикасында айылдык деңгээлдеги манасчылар 3 500 юань, ал эми мамлекеттик деңгээлдеги манасчылар 35 000 юань алышат. Мындай төлөмдөрдү болжол менен 100 манасчы алат.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Фермерлерге айыл чарба техникасын алууга 44,61 млн доллар бөлүнөт

Өлкөдө пайдубалы түптөлө элек үйлөрдөн батир сатууга тыюу салынды

Нарындагы саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу 30 %га аткарылды

Министр Токтобаев Таласта "Беш-Таштын" абалы менен таанышты

Ошто 29 муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлат