Бир күндө Ысык-Көлдөн 20 кг таштанды чыгарылды
3-ноябрда Ысык-Көл облусунда жүргүзүлгөн рейддик иш-чаранын жүрүшүндө көлдөн жалпы узундугу 1400 метр болгон эски балык уулоочу торлор жана 20 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, рейд министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы тарабынан Тоң жана Ысык-Көл райондорунун акваторияларында уюштурулган. Анын жүрүшүндө 4 даана эски балык уулоочу тор табылып, көлдөн чыгарылды. Алардын жалпы узундугу 400 метрди түздү.
Мындан тышкары, Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жыйынтыгында көлдөн дагы 1000 метр эски тор жана 20 килограмм таштанды алынган.
Министрликтин маалыматына караганда, жыл башынан бери өлкөнүн суу объектилерин тазалоо жана суу биоресурстарын коргоо иштеринин алкагында 160 миң метрден ашык эски балык уулоочу тор жана 4 миң килограммга жакын ар кандай таштанды чыгарылган.
Аталган иш-чаралар суу экосистемаларын сактоо, браконьерликке каршы күрөшүү жана суу биоресурстарын коргоо максатында жүргүзүлүүдө.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу