Ошто 29 муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлат
Ош шаарынын мэриясы муниципалдык жер тилкелерин убактылуу ижарага берүү жана жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча аукцион өткөрөрүн жарыялады. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгы билдиргендей, аукционго жалпы 29 жер тилкеси коюлат. Анын ичинен 14 жер тилкеси убактылуу ижарага берилсе, 15 жер тилкеси жеке менчикке өткөрүлөт.
Убактылуу ижарага берилүүчү жер тилкелери
Жер тилкелери шаардын Керме-Тоо, Жибек-Жолу, Кызыл-Кыштак жана Жапалак аймактарында жайгашкан.
Алардын айрымдары кичи базар уюштуруу, коммерциялык иш жүргүзүү, соода павильонун жана соода түйүнүн орнотуу үчүн сунушталууда. Ошондой эле көрктөндүрүү, жашылдандыруу, автоунаа токтотуучу жай жана ийне саюучу бөлмө уюштуруу үчүн жер тилкелери бар.
Жеке менчикке өткөрүлүүчү жер тилкелери
Бул багытта Ош шаарынын ар кайсы көчөлөрүндө жайгашкан 15 жер тилкеси аукционго чыгарылат.
Аукционго кантип катышууга болот?
Аукционго катышууну каалаган жеке жактар паспортунун көчүрмөсүн тапшырышы керек.
Юридикалык жактар уюштуруу документтеринин көчүрмөлөрүн, өкүлүнүн ишеним катын жана паспортун берүүгө тийиш.
Мындан тышкары, катышуучулар:
- Старттык баанын 10 %ы өлчөмүндө кепилдик төлөм;
- Старттык баанын 0,5 %ы өлчөмүндө комиссиялык жыйым төлөшү керек.
- Лоттун номерин көрсөтүү менен белгиленген формадагы арыз тапшырышы зарыл.
Аукцион "Ош шамы" гезитине жарыяланган күндөн тартып 30 календардык күн өткөндөн кийин өткөрүлөт. Катышуу үчүн арыздар аукционго 1 күн калганга чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына кайрылууга болот.