Министр Токтобаев Таласта "Беш-Таштын" абалы менен таанышты

Министр Токтобаев Таласта "Беш-Таштын" абалы менен таанышты

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев Таластагы "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркына барды.

Мекеменин маалыматында белгиленгендей, министр анда жаратылыш аймактарын коргоо, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана жапайы жаныбарлардын популяциясын көбөйтүү багытында жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду.
Белгилей кетсек, "Беш-Таш" мамлекеттик жаратылыш паркы 1996-жылы уюшулган. Парктын жалпы аянты 12 802 гектарды түзөт.

Анын аймагында арча, карагай, ак карагай, кайың, жапалак арча, Талас тереги жана өсүмдүктөрдүн башка түрлөрү кездешет.

Ошондой эле паркта аюу, ак илбирс, сүлөөсүн, карышкыр, түлкү, коён, марал, тоо теке, улар, чил жана башка жапайы жаныбарлар байырлайт.

Алардын арасында өлкөнүн Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жаныбарлар менен өсүмдүктөр да бар.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Манасчыларга ай сайын 62 миң сомдон сый акы төлөп туруу сунушталууда

Нарындагы саркынды суу тазалоочу жайдын курулушу 30 %га аткарылды

Ошто 29 муниципалдык жер тилкеси аукционго коюлат

Бир күндө Ысык-Көлдөн 20 кг таштанды чыгарылды

Төлөм уюмуна 55 миң сом айып пул салынды