Кыргызстан БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-отурумуна даярданууда

Кыргызстан БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-отурумуна даярданууда

Кыргызстан БУУнун Аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-сессиясына карата бирдиктүү улуттук позициясын иштеп чыгууга киришти. Бул маселе Бишкекте өткөн “Глобалдык милдеттенмелерден улуттук аракеттерге карай” аттуу жыйында талкууланды.

Иш-чарада 2026–2027-жылдарга гендердик теңчилик боюнча Улуттук иш-аракеттер планын ишке ашыруу, аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо, мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү боюнча чаралар каралды.

Талкуунун жүрүшүндө аялдарга жана кыздарга карата зомбулуктун алдын алуу, сот адилеттигине жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, басмырлоочу ченемдерди жоюу жана мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун кызматташтыгын бекемдөө маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги комиссиянын 70-сессиясынын жыйынтыктарын Улуттук иш-аракеттер планына киргизүү механизмдерин сунуштады. ИИМ болсо БУУнун Коопсуздук Кеңешинин “Аялдар, тынчтык жана коопсуздук” боюнча 1325-резолюциясын ишке ашыруу планынын аткарылышы тууралуу маалымат берди.

Келерки аптада Борбор Азия өлкөлөрүнүн аймактык консультацияларын өткөрүү пландалууда. Анын жыйынтыгы Кыргызстандын 71-сессияга карата бирдиктүү улуттук позициясын калыптандырууга негиз болот.

Даярдык иштерин Эмгек министрлиги «БУУ-Аялдар» түзүмү менен биргеликте координациялайт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

“Чаарат ЗААВ” инвестициялык долбоорунун мындан аркы ишке ашырылышы талкууланды

Ош шаарында Салижан Жигитов атындагы орто мектеп ачылды

Чүйдө рейддик иш-чарада 15 миң сомдон ашык айып салынды

Ош облусунда 10 күн бою прокурорлор жарандарды кабыл алышат

Бишкекте жылытуу системасын жаңыртууга 1 млн сомго чейин насыя берилет