Бишкекте жылытуу системасын жаңыртууга 1 млн сомго чейин насыя берилет

Бишкекте жылытуу системасын жаңыртууга 1 млн сомго чейин насыя берилет

Бишкек шаарынын мэриясы жылытуу мезгилине байланыштуу шаар тургундарына фракциясы 0–13 мм болгон майда көмүрдү ташып келүүгө, сатууга, сактоого жана пайдаланууга тыюу салынганын эскертти. Ошондой эле экологиялык жактан таза жылытуу системаларына өтүүнү каалагандар үчүн жеңилдетилген насыялар каралган.

Мэриянын маалыматына караганда, Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 6-октябрындагы №639 токтомуна ылайык, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында майда көмүрдү колдонууга чектөө киргизилген. Токтом 2025-жылдын 22-октябрында күчүнө кирген. Бул талап жылуулук менен камсыздоочу ишканаларга көмүр жеткирүүгө жайылтылбайт.

Газдаштыруу үчүн 150 миң сомго чейин насыя

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тургундары газдаштыруу программасынын алкагында төмөнкү шарттарда насыя ала алышат:

  • Насыянын суммасы - 150 миң сомго чейин;
  • Пайыздык чен - жылдык 3%;
  • Мөөнөтү - 12 же 24 ай.
Каражаттар газ тармагына кошулууга, газ менен жылытуучу жабдууларды сатып алууга жана орнотууга берилет. Насыялар "АБанк" жана "Элдик Банк" аркылуу сунушталат.

Экологиялык жылытуу системалары үчүн 1 млн сомго чейин

Мындан тышкары, "Абанын сапатын жакшыртуу" долбоорунун алкагында Бишкек шаарынын, Аламүдүн жана Сокулук райондорунун тургундары үчүн дагы бир насыялоо программасы иштейт.

Анын шарттары:

  • Насыянын суммасы - 1 млн сомго чейин;
  • Пайыздык чен - жылдык 6%дан баштап;
  • Мөөнөтү - 60 айга чейин.
Бул каражаттар жылуулук насосторун, электр казандарын жана күн энергетикалык жабдууларын сатып алууга жана орнотууга багытталат.

Долбоордун өнөктөш банктары - "Элдик Банк", "АБанк" жана "Бакай Банк". Насыя алуу шарттары жана арыз берүү тартиби боюнча жарандар аталган банктарга түз кайрыла алышат.

Мэрия шаар тургундарын экологиялык талаптарды сактоого жана мүмкүнчүлүгүнө жараша абага зыяндуу заттарды аз бөлүп чыгарган жылытуу системаларына өтүүгө чакырды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан БУУнун аялдардын абалы боюнча комиссиясынын 71-отурумуна даярданууда

Чүйдө рейддик иш-чарада 15 миң сомдон ашык айып салынды

Ош облусунда 10 күн бою прокурорлор жарандарды кабыл алышат

Аламүдүн районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомго жакын каражат керек

Бишкекте 53 жарнамалык конструкция демонтаждалды