Бишкекте 53 жарнамалык конструкция демонтаждалды

Бишкекте  53 жарнамалык конструкция демонтаждалды

Бишкек шаарында тышкы жарнамаларды жайгаштыруу эрежелерин бузган объектилерди демонтаждоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Курманжан Датка көчөсүнүн Набережная көчөсүнөн Гидростроителей көчөсүнө чейинки бөлүгүндө дүкөндөргө жана кафелерге тиешелүү мыйзамсыз орнотулган 15 жарнамалык такта алынган.

Ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды жайгаштырган объектилерге карата Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107-беренесине ылайык протоколдор түзүлгөн. Көчөнүн карама-каршы тарабындагы жарнамаларды демонтаждоо иштери жакынкы убакта жүргүзүлөт.

Мындан тышкары, Свердлов райондук администрациясы менен биргеликте "Аламедин Гран"» соода борборунун аймагындагы мыйзамсыз жарнамалар да алынган. Анын жүрүшүндө билборддор, лайтбокстор, баннерлер, багыттоочу белгилер, жарнамалык чаптамалар жана көрнөк-жарнактарды камтыган 38 объект демонтаждалган.

Жалпысынан эки аймакта 53 жарнамалык конструкция алынган.

Мэрия борбор калаада тышкы жарнамаларды жайгаштыруу тартибин жөнгө салуу жана шаарды көрктөндүрүү талаптарынын сакталышын камсыз кылуу боюнча иштерди улантарын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ош облустунда 10 күн бою прокурорлор жарандарды кабыл алышат

Бишкекте жылытуу системасын жаңыртууга 1 млн сомго чейин насыя берилет

Аламүдүн районунун инфраструктурасын өнүктүрүүгө 2 млрд сомго жакын каражат керек

Бишкек - Күн-Туу - Шопоков унаа жолунун 6 километри асфальтталды

Аламүдүн районунда 3 жылда 41 социалдык объект курулуп, оңдолду