Чүйдө рейддик иш-чарада 15 миң сомдон ашык айып салынды
5-ноябрда Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын инспекторлору тарабынан Чүй облусунун Жайыл, Панфилов, Москва жана Сокулук райондорунун аймактарында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү.
Мекеменин маалыматына ылайык, рейдде көгүчкөндөрдү жем катары пайдалануу менен атайын тузактар аркылуу жапайы канаттууларды мыйзамсыз кармоо фактысы аныкталды.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жапайы канаттууларды кармоого уруксат берүүчү документтер жок экендиги белгилүү болду.
Аталган факты боюнча Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 261-1-беренесине ылайык 10 000 миң сом өлчөмүндө айып пул салынып, административдик протокол түзүлдү.
Ошондой эле рейдде балык уулоодо колдонууга тыюу салынган синтетикалык торлорду пайдалануу фактысы аныкталды.

Бул факты боюнча да Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 267-беренесине ылайык 5 500 миң сом айып пул салынып, 1 административдик протокол түзүлдү. Мыйзамсыз колдонулган синтетикалык тор алынган.
Рейддик иш-чаралардын жыйынтыгында жалпы 15 500 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу