Ош облусунда 10 күн бою прокурорлор жарандарды кабыл алышат
9-ноябрдан 19-ноябрга чейин Ош облусунун прокурору Б.Сыдыгалиевдин тапшырмасы менен райондук прокурорлор тарабынан жергиликтүү тургундар менен түз байланыш түзүүгө багытталган жеке кабыл алуулар уюштурулат. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.
Маалыматка караганда, иш-чаранын алкагында райондук прокурорлор айыл аймактарын кыдырып, жарандардын арыз-даттанууларын, сунуштарын жана кайрылууларын жеринде угуп чыгышат.
Ар бир кайрылуу белгиленген тартипте каралып, тиешелүү чараларды көрүү прокуратура органдарынын көзөмөлүнө алынмакчы. Бул демилге прокуратура органдарынын эл менен түз байланышын чыңдоого, жарандардын укуктук кызыкчылыктарын коргоого жана калкты түйшөлткөн маселелерди жеринде чечүүгө багытталат.
Жарандарды кабыл алуу төмөндө көрсөтүлгөн даректерде жана графикке ылайык өткөрүлөт:




