Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда
Бүгүн Өзбекстандын Самарканд шаарында эл аралык Samarkand Marathon 2026 чуркоо жарышы өтүп жатат.
Катышуучулар өздөрүнүн даярдыгына жана мүмкүнчүлүгүнө жараша 2, 5, 10, 21,1 жана 42,2 чакырым аралыкка чуркашууда. Эл аралык спорттук иш-чарага дүйнөнүн 70ке жакын өлкөдөн келген спортчулар жана ышкыбоз жөө күлүктөр катышууда.

Марафонго Кыргызстандан "Ишкер Медиа" маалымат каражатынын өкүлдөрү да катышып, иш-чараны жеринен чагылдырууда.
Белгилей кетсек, Samarkand Marathon Түрк элдеринин узак аралыкка чуркоо альянсынын (TAN — Turkic Alliance of Long Runs) эл аралык жарыштар сериясына кирет. Ошондой эле марафон Эл аралык марафондор жана чуркоолор ассоциациясынын (AIMS) толук кандуу мүчөсү болуп саналат.
Быйыл марафон World Athletics эл аралык жеңил атлетика федерациясынын Elite Label макамына ээ болду. Бул анын эл аралык деңгээлдеги аброюн жана уюштуруучулук стандарттарын тастыктаган маанилүү жетишкендик.
Samarkand Marathon 2019-жылдан бери өткөрүлүп келет. Жарыштын негизги максаттары — сергек жашоо образын жайылтуу, спорттук туризмди өнүктүрүү жана кайрымдуулук демилгелерин колдоо.
Марафондун старт жана финиш чекити тарыхый Регистан аянтында жайгашкан.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу