Мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаа тапшырылды

Мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаа тапшырылды

КРнын Президентинин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев 6-ноябрда Сокулук районунун Ак-Жол айылында мамлекеттик автомектептерге 70 жаңы автоунаанын ачкычын тапшырды.

Маалыматка ылайык, автоунаалар "В" категориясы боюнча болочок айдоочулардын практикалык сабактарында колдонулат.

Каныбек Туманбаев автомектептердин материалдык-техникалык базасы чыңдалып, талаптарга жооп берген жаңы окуу имараттары жана автодромдор курулуп жатканын белгиледи.

Ош шаарында жаңы автодром ачылды, Бишкекте да жаңы автодром ачууга даярдык жүрүп жатат.

Автомектептерде окуу 10 айга созулат. Даярдыгы жетиштүү курсанттарга төрт айдан кийин экзамен тапшырууга мүмкүнчүлүк берилет.

Туманбаевдин айтымында, төрт айдан кийин эле экзамен тапшыргандардын жарымы ийгиликтүү тапшырып жатат.

Экзамендин жүрүшү башынан аягына чейин аудио жана видеого жазылып, жасалма интеллект системасы аркылуу да көзөмөлдөнөт.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Транспорт

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстанда шайлоочулардын саны 4,5 миллионго жакындады

Дүйнөлүк азык-түлүк баалары: октябрда 1,2% төмөндөдү

Президент Пакистанга жаңы элчи дайындады

Кара-Балтада 5 жылда 7 жаңы өндүрүш ишканасы пайдаланууга берилген

Бишкекте №23 автобус каттамы эки өз алдынча каттамга бөлүндү