Кыргызстан менен Сейшел аралдарынын ортосунда визасыз режим киргизилет
Кыргызстандын жана Сейшел аралдарынын жарандары эки өлкөнүн аймагында 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат. Бул тууралуу тиешелүү макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, мыйзамды Жогорку Кеңеш 2026-жылдын 15-октябрында кабыл алган. Бишкек шаарында 2026-жылдын 11-майында кол коюлган макулдашууга ылайык, эки өлкөнүн жарандары экинчи мамлекеттин аймагына кирүүдө, чыгууда жана убактылуу жүрүүдө 30 күндөн ашпаган мөөнөткө визалык талаптардан бошотулат.
Мында жарандардын 1 календардык жыл ичинде мамлекеттердин аймагында жүрүүсүнүн жалпы узактыгы 90 күндөн ашпоого тийиш.
Мыйзам макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон ички мамлекеттик жол-жоболорду аткарууга багытталган. Документ расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу