Баткенде турак жайды камсыздандыруу түшүндүрүлдү
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кызматкерлери Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарына караштуу Караван калктуу конушунда жашоочулардын үйлөрүн кыдырып, турак жайды камсыздандыруунун мааниси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Ошондой эле жарандарды үйлөрүн камсыздандырууга чакырышты. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, турак жайды камсыздандыруу өрт, жер титирөө, сел, суу ташкыны, көчкү, катуу шамал жана башка күтүлбөгөн кырсыктардан улам келтирилген чыгымдарды жабууга мүмкүнчүлүк берет.
Камсыздандыруу полисинин жылдык баасы айыл жерлеринде 612 сомду, шаарларда 1 224 сомду түзөт. Турак жай толугу менен кыйраган же өрттөнгөн учурда айыл жеринде 500 миң сомго чейин, шаарларда 1 миллион сомго чейин камсыздандыруу төлөмү каралган. Төлөмдүн так өлчөмү келтирилген зыянды баалоонун негизинде аныкталат.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун кызматкерлери мындай түшүндүрүү иштери жарандардын камсыздандыруу боюнча маалымдуулугун жогорулатууга жана турак жайларын күтүлбөгөн кырсыктардан коргоого багытталганын белгилешти.