"Чакан ГЭС" электрозаряддоо станцияларын көбөйтүүдө
"Чакан ГЭС" ачык акционердик коому Кыргызстанда электр транспортунун инфраструктурасын өнүктүрүү максатында аймактарда электромобилдерди кубаттоочу станцияларды орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.
Компаниянын маалыматына ылайык, учурда Балыкчы шаарында, Балыкчы – Нарын унаа жолунун боюнда 3 электромобилди кубаттоочу станция орнотулду. Долбоордун алкагында жумушчу долбоор иштелип чыгып, шаар куруу корутундусу алынган жана жер тилкесин ижарага алуу келишими түзүлгөн. Учурда станцияларды пайдаланууга берүүгө даярдык көрүлүүдө.
Мындан тышкары, Нарын облусунун Кочкор районундагы Теңдик айылына 3, ал эми Чолпон айылына 2 кубаттоочу станция орнотуу пландалууда.
Белгилей кетсек, 2026-жылы "Чакан ГЭС" ААК Ысык-Көл облусунда жалпысынан 14 кубаттоочу станцияны ишке киргизген.
Электромобилдер үчүн кубаттоочу станцияларды орнотуу иштери 2025-жылы башталган. Алгач Бишкек шаарында 2, Чүй облусунда 4 жана Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 4 станция орнотулган.
Аталган демилге өлкөдө электр транспортунун инфраструктурасын кеңейтүүгө, экологиялык жактан таза унааларды пайдаланууну колдоого жана электромобилдердин жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу