Базар-Коргондо 7 скважинаны ишке киргизүү пландалууда
Айыл чарба министрлигинен Базар-Коргон районунда жалпы 7 скважинаны ишке киргизүү пландалып жатканын билдирди.
Маалыматка ылайык, бул Айыл чарба министрлигинин Суу ресурстары кызматы тарабынан капиталдык салымдар беренесинин эсебинен ишке ашырылат.
Учурда Сейдикум айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ай участогунда жаңы скважинадан сыноо иретинде суу чыгарылды.
Аткарылып жаткан иштер аймактагы сугат суу маселесин чечүүгө, дыйкандарды суу менен камсыздоону жакшыртууга жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу