Баткен менен Кытай инвестициялык кызматташтыкты талкуулады
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов Кытай Эл Республикасынын Ош шаарындагы башкы консулу Лю Минчэ менен жолугушту. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалымдалгандай, жолугушууда кыргыз-кытай кызматташтыгын чыңдоо, аймактар аралык байланыштарды өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана соода-экономикалык алакаларды кеңейтүү маселелери талкууланды.
Мамыржан Рахимов Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө токтолуп, аймактын географиялык жайгашуусу, жаратылыш ресурстары, айыл чарба жана эмгек потенциалы чет өлкөлүк инвесторлор үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөрүн белгиледи.
Ошондой эле учурда облуста Кытайдын бир катар компаниялары инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып жатканын маалымдады.
Өз кезегинде башкы консул Лю Минчэ эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Баткен облусунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн колдоого кызыкдар экенин билдирип, аймактар аралык байланыштарды мындан ары да улантууга даяр экенин белгиледи.