Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ош шаарында эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап көп функционалдуу "Жаштык Арена" спорттук-оюн-зоок комплексин куруу пландалууда. Бул тууралуу кечээ Ош шаарынын мэри "Кыялымдагы Кыргызстан: Ош-2026" форумунда билдирди.

Долбоорго ылайык, арена Кызыл-Кыштак айылдык аймактык башкармалыгында 5 000ден 5 200гө чейин көрүүчүнү кабыл алууга ылайыкташып курулат.

Комплексте муз аянтчасы, хоккей жана күрөш боюнча мелдештерди өткөрүүчү универсалдуу спорттук, концерттик жана маданий иш-чараларга арналган аянтчалар, соода жана тамактануучу жайлары каралган.

"Жаштык Арена" ишке берилгенден кийин Ош шаарында эл аралык деңгээлдеги спорттук мелдештерди, концерттерди жана ири маданий иш-чараларды өткөрүүгө кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Курулуш иштерин 2027-жылдын март айында баштап, 2030-жылдын март айында аяктоо болжолдонууда.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Төө-Ашууда оор жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди

30 USDдан башталган SWIFT-которуулар: DemirBank бизнес үчүн атайын шарттарды сунуштайт

ТИМ башчысы Кулубаев ЖККУнун биргелешкен жыйынына катышты

Кара-Кечеде кар жаап, көмүр жүктөө убактылуу токтотулду

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди