Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү

Айыл чарба министрлигинде 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү

КРнын Айыл чарба министрлигинде агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө багытталган 1000 күндүк планды ишке ашыруу маселелери боюнча кеңешме өттү. Ага мамлекеттик органдардын, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана кызыкдар тараптар катышты.

Маалым болгондой, кеңешмеде айыл чарба продукциясын өндүрүү, сактоо жана кайра иштетүү тармактарын өнүктүрүү, өндүрүштүк инфраструктураны жакшыртуу, инвестиция тартуу, заманбап технологияларды киргизүү жана ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле Кепилдик фондунун жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун өкүлдөрү кайра иштетүүчү ишканаларга каржылык колдоо көрсөтүү, кепилдик инструменттерин пайдалануу жана камсыздандыруу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат беришти.

Жыйынтыгында 1000 күндүк планды натыйжалуу ишке ашыруу үчүн мамлекеттик органдар менен жеке сектордун биргелешкен иш алып баруусунун маанилүүлүгү белгиленди.

Катышуучулардын сунуш-пикирлерин эске алуу менен тиешелүү багыттар боюнча иштерди улантуу макулдашылды.

Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте 42 курулуш объектиси текшерилди

Ошто 5200 орундуу заманбап спорттук комплекс курулат

Ысык-Көлдө акылдуу эсептегичтерди орнотуу 98 % аяктады

Улуттук банк төлөм уюмуна айып пул салды

Быйыл 10 айда мамлекеттик бюджетке 669,6 миллиард сом киреше түштү