Бишкектин 4 районунда айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкектин 4 районунда айыл чарба жарманкеси өтөт

Бишкек шаарынын төрт районунда дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкелери өткөрүлөт.

Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, жарманкелерде ата мекендик айыл чарба өндүрүүчүлөрү өздөрү өндүргөн продукцияларды сунушташат.

Бул сатып алуучуларга керектүү азык-түлүктөрдү ортомчуларсыз, түздөн-түз жергиликтүү өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Жарманкелер ар аптанын ишемби жана жекшемби күндөрү төмөнкү даректерде өткөрүлөт:

  • Биринчи май району: Т. Усубалиев атындагы эски аянт. Иштөө убактысы: саат 9:00дөн 17:00гө чейин;
  • Ленин району: Тыналиев көчөсү, 38. Абдулкерим Сатык Буурахан мечитинин батыш тарабында. Саат 9:00дөн 19:00гө чейин болот;
  • Октябрь району: А. Токомбаев көчөсү, 21/1Б. Иштөө убактысы: саат 8:00дөн 18:00гө чейин;
  • Свердлов району: Айтматов жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде, ошондой эле Фере көчөсү, 33/1а дарегинде (мурдагы мал базардын аймагында). Саат 7:00дөн 15:00гө чейин өтөт.
Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди Ишкер MEDIA сайтынын Telegram, Facebook, Instagram, Threads жана Х каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. 
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ноокенде үч айылдагы 2,9 чакырым жол оңдолду

Ысык-Көлдөн 400 метрлик тор жана 50 кг таштанды чыгарылды

Орусиялык дарыгерлер Ошто татаал операцияларды жасашты

Кыргызстанда 10 млн долларлык брондолгон автоунаа өндүрүшү түзүлөт

Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөт кана курулат