Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөт кана курулат
Чүй токой аңчылык чарбасында кыргыз-корей кызматташтыгынын алкагында заманбап көчөткана куруу долбоору башталды. Анын пайдубалын түптөө аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, долбоор "Улуттук көчөтканалар системасынын потенциалын жогорулатуу жана жергиликтүү шарттарды эске алуу менен токойлорду калыбына келтирүү" багытында ишке ашырылууда.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Корея Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты. Аземдин жүрүшүндө тараптар токой чарба тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын маанисин белгилеп, тажрыйба алмашуу, заманбап технологияларды киргизүү жана токойлорду калыбына келтирүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле иш-чаранын алкагында бак-дарактар отургузулуп, кыргыз-корей кызматташтыгынын символу катары келечектеги көчөткананын курулушуна капсула салынды.
Жаңы көчөткананын курулушу Кыргызстанда токой чарбасын өнүктүрүүгө жана экологиялык туруктуулукту камсыздоого салым кошууга багытталган.



Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу