Кыргызстанда 10 млн долларлык брондолгон автоунаа өндүрүшү түзүлөт
Кыргызстанда аскердик жана жарандык багыттагы жеңил брондолгон автомобиль техникасын өндүрүү жана чогултуу пландалууда. Бул багыттагы инвестициялык долбоорду "С.М. ИЛБИРС" ЖЧКсы ишке ашырууда. Бул тууралуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик билдирди.
12-ноябрда агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып, инвестициялык долбоордун жүрүшүнө мониторинг жүргүздү.
Маалыматка ылайык, долбоорго тартылган инвестициялардын жалпы көлөмү 10 млн АКШ долларын түзөт. Анын алкагында 30 жаңы жумуш ордун түзүү каралган.
Иш сапардын жүрүшүндө долбоордун учурдагы абалы, ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугу жана өндүрүштү мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Равшанбек Сабиров ата мекендик өнөр жай потенциалын чыңдоого, заманбап технологияларды киргизүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган инвестициялык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгиледи.
Ошондой эле Инвестициялар боюнча улуттук агенттик өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү жана инвесторлорду колдоону улантары маалымдалды.


