Ысык-Көлдөн 400 метрлик тор жана 50 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдөн 400 метрлик тор жана 50 кг таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдүн экологиясын коргоо жана браконьерликтин алдын алуу максатында жүргүзүлгөн рейд учурунда көлдүн акваториясынан 400 метр узундуктагы эски синтетикалык балык уулоочу тор жана 50 килограмм таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министрлиги кабарлады.

Министрликке караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ысык-Көл регионалдык башкармалыгы тарабынан уюштурулган рейд Ысык-Көл районунун Чоң-Өрүктү айылынын аймагында өткөрүлдү.

Адистердин маалыматына ылайык, көлдүн түбүндө калган синтетикалык торлор балыктарга жана башка суу жаныбарларына коркунуч жаратып, экосистемага олуттуу зыян келтирет.

Мекеме Ысык-Көлдүн жаратылышын сактоо, суу биоресурстарын коргоо жана мыйзамсыз балык уулоого бөгөт коюу боюнча рейддер мындан ары да улантыларын билдирди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

"Кыргызды таанытууга аракет жасайбыз". Курама боз үй жасап бизнес кылган ишкер менен маек

Таласта БУУнун программасы аркылуу 96 жумушсуз жаран жумушка тартылды

Ноокенде үч айылдагы 2,9 чакырым жол оңдолду

Орусиялык дарыгерлер Ошто татаал операцияларды жасашты

Бишкектин 4 районунда айыл чарба жарманкеси өтөт