Орусиялык дарыгерлер Ошто татаал операцияларды жасашты

Орусиялык дарыгерлер Ошто татаал операцияларды жасашты

"Миссия Добро" эл аралык ыктыярчылар программасынын алкагында Россиянын "РЖД-Медицина" тармагынын тажрыйбалуу дарыгерлери Ош шаарына келип, жергиликтүү бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүдө. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясы маалымдады.

Билдирүүгө караганда, 12-ноябрда Ош шаардык клиникалык ооруканасында россиялык адистердин ишин баштоо аземи өттү. Иш-чарага Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, Орусиянын Оштогу башкы консулу Роман Свистин, Россотрудничествонун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Дмитрий Аврам жана оорукананын жетекчиси Саипжан Шералиев катышты.

Делегациянын курамында топтун жетекчиси Юлия Балакина, уролог Константин Нотов жана травматолог-ортопед Денис Згирский бар. Адистер жергиликтүү дарыгерлер менен биргеликте бейтаптарды кабыл алып, консультацияларды өткөрүп, медициналык кызматкерлер үчүн лекцияларды жана мастер-класстарды уюштурууда.

Сапардын алгачкы күнүндө уролог Константин Нотов жергиликтүү кесиптештери менен биргеликте простата безинин аденомасын жана заара жолдорундагы ташты алуу боюнча эки операцияны ийгиликтүү жасады.

Бейтаптарды кабыл алуу жана операциялар бүгүн да улантылат.

Белгилей кетсек, 9–14-ноябрь күндөрү өтүп жаткан программанын алкагында жалпысынан алты орусиялык дарыгер Бишкек жана Ош шаарларында тажрыйба алмашып, жергиликтүү адистерге практикалык жардам көрсөтүүдө.

Бул орусиялык ыктыярчы дарыгерлердин Кыргызстанга жасаган онунчу сапары болуп саналат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ноокенде үч айылдагы 2,9 чакырым жол оңдолду

Ысык-Көлдөн 400 метрлик тор жана 50 кг таштанды чыгарылды

Бишкектин 4 районунда айыл чарба жарманкеси өтөт

Кыргызстанда 10 млн долларлык брондолгон автоунаа өндүрүшү түзүлөт

Чүй токой аңчылык чарбасында заманбап көчөт кана курулат