Таласта БУУнун программасы аркылуу 96 жумушсуз жаран жумушка тартылды
Талас районунда БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында айылдык инфраструктураны жакшыртууга багытталган алты долбоор жактырылып, жумушсуз жарандар ишке тартылды. Бул тууралуу Талас райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, долбоорлорду ишке ашыруу үчүн райондук комиссия жергиликтүү тургундар менен биргеликте айыл чарба инфраструктурасын өнүктүрүү, климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуу жана табигый кырсыктардын алдын алуу боюнча муктаждыктарды аныктаган.
Натыйжада 12 долбоор БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын өкүлдөрүнө сунушталып, алардын алтоо жактырылган.
Үч тараптуу келишимдердин негизинде каттоодо турган 96 жумушсуз жаран жумушка тартылган. Учурда 80 жарандын ар бирине 6 кап ун, 30 литр май жана 1 800 сомдон акчалай төлөм берилди.
Жактырылган долбоорлор төмөнкү иштерди камтыйт:
- Беш-Таш айыл аймагынын Бал-Бал айылында Култай каналынын 290 метр бөлүгүн бетондоо.
- Каракол айыл аймагынын Арал айылында "Касым балбан" стадионундагы мини-футбол аянтчасын 200 метр зым тор менен тосуу жана 1 500 метр арык казуу.
- Арал айылындагы "Чойбек" өзөнүндө чакан каналдын 400 метр бөлүгүн бетондоп оңдоо.
- Чоң-Алыш айыл аймагында Манас айылындагы "Маңдай" суу өткөрүүчү лотоктун бир чакырымын оңдоо, Кара-Суу айылындагы сел өткөрүүчү көпүрөнү бекемдөө жана Бөлтүрүк каналындагы лотокторду оңдоо.
- Кен-Кол айыл аймагынын Нылды айылында "Тынбас" каналын сел алып келген ылай-баткактан тазалоо.
- Сары-Булак айылында авариялык арык каналды кум-шагыл жана баткактан тазалап, 3 шлюз орнотуу.
Аталган долбоорлор айылдардын инфраструктурасын жакшыртууга, сугат каналдарынын абалын оңдоого жана жергиликтүү калкты убактылуу жумуш менен камсыз кылууга багытталган.