Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Жаратылыш министрлиги быйыл мыйзамдуу аңчылыкка 15-августтан 13-декабрга чейинки аралыкка уруксат берилгенин маалымдады.

Мекеме бирок бул убакыттын ичинде жаныбарлардын жана канаттуулардын түрлөрүнө аңчылык кылуунун мөөнөттөрү ар башка каралганын билдирди. Жыл сайын жапайы жаныбарларды олжолоого 150 башка чейин лимит берилет.

Министрлик белгилегендей, мыйзамдуу аңчылык кылуу үчүн мергенчилик күбөлүгү, жолдомо жана тиешелүү уруксат берүүчү документтер талап кылынат.

Эгерде мыйзамсыз ак илбирсти атса, анда 2 млн сом айып салынат. Ошондой эле аркар-кулжа, марал жана күрөң аюу үчүн 1,5 млн сом, ал эми сибирь тоо текеси үчүн 300 миң сом айып пул чегерилет.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды