2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

2027-жылы республикалык бюджеттин көлөмү 1 трлн сомдон ашат

Кыргызстанда 2027-жылга карата республикалык бюджеттин долбоору сунушталды. Ага ылайык, келерки жылы консолидацияланган бюджеттин жалпы ресурстары 1 трлн 53 млрд сомду түзөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин кеңейтилген жыйынында билдирди.

Анын маалыматына ылайык, 2027-жылы өлкөнүн ички дүң продукциясынын көлөмү 2 трлн 736 млрд сомдон ашат деп болжолдонууда.

Бюджеттин негизги бөлүгү социалдык тармактарга багытталат. Тактап айтканда, билим берүүгө 134,2 млрд сом, саламаттык сактоого 76,4 млрд сом жана социалдык коргоого 47,3 млрд сом бөлүү каралган.

Мындан тышкары, капиталдык чыгашаларга республикалык бюджеттен 110,7 млрд сом каралган. Анын ичинен Барскоон - Бедел жолун курууга 17,7 млрд сом жумшалат. Ал эми социалдык объектилерди курууга, таза суу менен камсыздоого, ирригацияга жана инфраструктураны өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүү пландалууда.

Ишкердикти жана айыл чарбасын колдоого 5,3 млрд сом субсидия каралган. Ошондой эле жергиликтүү бюджеттерге 19,4 млрд сом трансферт жана 1,8 млрд сом үлүштүк грант бөлүнөт.

Бааларды турукташтырууга 5 млрд сом, Турукташтыруу фондуна 20 млрд сом багытталат.

Белгилей кетсек, 2026-жылдын январь-октябрь айларында республикалык бюджеттин кирешеси 693,8 млрд сомду түзүп, пландан 27,9 млрд сомго көп түшкөн. Бул мезгилдеги чыгашалар 589,5 млрд сомго жеткен.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Экономика

Акыркы жаңылыктар

Баары

Аңчылыктын аякташына 1 айга жетпеген убакыт калды

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды