Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду
Нарын шаарында сел сууларынын агымын азайтып, кум-шагылдын жайылышына бөгөт коюу максатында габион торчолорунан дамбалар курулду. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Калаа башчысы Жылдызбек Беккелдиев курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышып, бул объектилер тургундардын коопсуздугун камсыздоого багытталганын белгиледи.
Маалыматка ылайык, Чоң-Чыргайлуу жана Суу сактагыч коктуларында жалпысынан төрт дамба жана селкана курулган.
Долбоордун алкагында Көтөрмө, Чоң-Чыргайлуу, Ленин, Рыскулов жана Ботанический сад көчөлөрүндөгү жалпы 91 турак үйдү сел коркунучунан коргоо каралган.
Бул иштер Нарын шаардык мэриясы жана Нарын шаарынын туруктуулугун жогорулатуу программасы тарабынан ишке ашырылууда.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда
Каналга катталуу