Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Депутаттар Кочкордогу чокуга Ормон хандын ысымын ыйгарууну жактырышты

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин бүгүнкү жыйынында Нарындын Кочкор районундагы 4378,5 метр бийиктиктеги чокуга Орман хандын ысымын ыйгаруу маселеси каралды. Чоку Кум-Дөбө айыл аймагында жайгашкан.

Отурумда баяндама жасаган мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча агенттиктин директору Элчибек Жаантаев долбоор президенттин сунушу менен иштелип чыкканын айтты.

Жыйынтыгында депутаттар аталган чокуну Ормон хандын атын менен атоо боюнча министрлер кабинетинин төрагасы демилгелеген мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырышты.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Өкмөт башчы Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынына катышты

Нарында селден коргоо үчүн дамбалар курулду

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн