24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

24 жарандын 1,9 млн сом эмгек акысын бербей койгон эки шектүү кармалды

Ош облусунун Кара-Суу районунда курулушта иштеген 24 жарандын эмгек акысын төлөбөй койгон коңшу өлкөнүн эки жараны кармалды. Бул тууралуу Ош облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүүлөр Туратали базарындагы соода борборунун курулушуна жергиликтүү тургундарды жумушка тартып, иш аяктагандан кийин акысын ар кандай шылтоолор менен бербей коюшкан.

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Кармалган эки жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Жабырлануучуларга келтирилген зыяндын көлөмү болжол менен 1 млн 920 миң сомду түзөт.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргызстан менен Бразилия соода байланыштарын кеңейтүү боюнча талкуулашты

Көчө жарыктары күнгө жараша өчүп-күйүшү мүмкүн

Тобокелдикке багытталган көзөмөл: кандай иштейт жана артыкчылыгы эмнеде?

Сузактын Октябрь айылында жаңы кинотеатр жана эс алуу багы ачылды

Акыйкатчы Жаманбаева Москвада эл аралык жыйынга катышты